Акылбек Жапаров: Алтындын кымбатташы биздин көптөгөн алтын кендерибизди иштетүүгө жакшы шарт түзүүдө
«Бүгүн эртең менен биз президент Садыр Жапаровдун командасынын экономикалык саясатынын такталган курсунун дагы бир далилин алдык. Алтындын баасы дагы бир дүйнөлүк рекорд коюп, бир троя унциясы 2480 долларга жетти. Мурда анча рентабелдүү болбогон көптөгөн алтын кендерибизди иштетүү үчүн позитивдүү чөйрө түзүлүп жатат», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө.
МинКаб башчысы жыл башынан бери баа 21%дан ашык өскөнүн баса белгилеп, эл аралык аналитиктер алтынга суроо-талаптын мындан ары да өсүшүн күтүүшүүдө деп кошумчалады.
«Бирок эң негизгиси алтындын баасынын жогорулашы Кумтөрдөгү физикалык өндүрүштүн төмөндөшүнүн таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет. Биз жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпин күчөтүп, капиталдык салымдарды көбөйтүшүбүз керек, ири эл аралык долбоорлордо болобу, орто биргелешкен долбоорлордо болобу, келип жаткан чет элдик инвестицияларды жигердүү өздөштүрүшүбүз керек», – деди Акылбек Жапаров жана жакынкы эки жумада экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча мындан аркы чаралардын топтомун иштеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.