МинКаб башчысы: 2024-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 миллиард сом көлөмүндө күтүлүүдө, бул пландалгандан 84,8 миллиард сомго көп
2024-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 млрд сомду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 84,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, салыктык түшүүлөр жогорку өсүш темпин көрсөтүүдө. 2024-жылы алар 342,9 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 48,5 миллиард сомго көп. Анын ичинен салык кызматы 222 миллиард сом (39 миллиардга көп), ал эми бажы кызматы 121 миллиард сом (9,5 миллиардга көп) чогулткан. Салыктык эмес кирешелер дээрлик үч эсеге өстү: 2020-жылдагы 33 миллиард сомдон 2024-жылы 92,1 миллиард сомго чейин жетти.
«Чыгымдар 450,6 млрд сомду түзүп, бюджеттин профицити 6,1 млрд сомго жетти. 2024-жылдын бюджетин аткарууда 66 миллиард сомдук кошумча ресурстар табылып, алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 6,5 миллиард сом – энергетика блогуна, 900 миллион сом – Камбар-Атага, 1 миллиард сом – уставдык капиталды көбөйтүүгө “Манас” аэропортуна, 4 млрд сом – “Айыл Банкка”, 1,7 млрд сом – Элдик Банкына, 1,6 млрд сом – ЖЭБти оңдоого, 4,5 млрд сом – КУЭТке бюджеттик ссуда түрүндө, 3,2 млрд сом – “Кыргыз нефтегазга”, 1,8 млрд сом – дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга, 678 млн сом – ноутбуктарды сатып алуу үчүн, 605 млн сом – селдин кесепеттерин жоюуга берилди», – деди ал.
Акылбек Жапаров өз баяндамасында 2023-жылы бизнести текшерүүгө мораторий киргизилип, салык реформасы жүргүзүлгөнүн белгиледи. 2024-жылы импортту алмаштыруучу жана инвестициялык келишимдер боюнча инвестиция салган компанияларга салыктык жеңилдиктер каралган.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүлдү, бул эл аралык практикада уникалдуу кадам болуп саналат. Бул жаңы жана чакан ишканалардын санынын өсүшүнө жана атаандаштык чөйрөнү түзүүгө оң таасирин тийгизүүдө.