Акылбек Жапаров: 2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашты, быйыл 1,5 триллион сомдук көрсөткүчтү күтүп жатабыз
2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашты, ал эми быйыл 1,5 триллион сомду түзөт деп күтүп жатабыз. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 9% түзөөрүн, ИДПнын ушундай эле өсүшү 2022-жылы катталганын белгиледи.
Анын айтымында, 2020-жылдагы глобалдык пандемияга карабастан, геосаясий турбуленттик, климаттык кризистер, Республика үчүн олуттуу сыноо болгон Баткен облусунда болгон окуяларда экономика оң динамикага ээ болду.
«2021-жылы биз жылды 7% өсүш менен жыйынтыктап, акыркы эки жылда үстүбүздөгү жылды кошкондо 9% туруктуу өсүшкө жетиштик. Бул ийгилик өлкөнүн бардык жарандарынын, ири, орто жана чакан бизнестин ишкерлеринин, мамлекеттик ишканалардын, өндүрүшчүлөрдүн, тейлөө жана соода тармагынын өкүлдөрүнүн салымынын аркасында мүмкүн болду», – деди ал.
Акылбек Жапаров 2023-жылга консолидацияланган бюджет эки жылда 2,5 эсеге көбөйүп, 577,2 млрд сомду түзгөнүн эске салды. Салык кызматы 183 миллиард сом чогултуп, 2022-жылга салыштырмалуу 28,3 миллиард сомго көп болсо, бажы кызматынын чогултуусу 111,5 миллиард сомго жетип, 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 37,2 миллиард сомго көп.
«2024-жылдын бюджетине өтүүдөн мурун, 2024-жылдын 10 айынын макроэкономикалык маалыматтары боюнча өсүш 9,6%ды, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,8%ды түзгөнүн белгилей кетейин. Дүйнөлүк банктын 2024-жылдагы ИДПнын реалдуу өсүү темпине берген баасы боюнча Кыргызстан Европа менен Борбордук Азиянын “тез өнүгүп жаткан экономикаларынын” лидерлеринин катарына кирет. Жайында өлкөбүзгө иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан “уктап жаткан сулуудан” “тез күлүк атка” айланганын бекеринен айткан эмес. Биз 2024-жылы ИДПнын өсүшүн 9,2% консервативдик баа менен болжолдойбуз. 2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашты, ал эми быйыл 1,5 триллион сомду түзөт деп күтүп жатабыз. ИДПны жан башына бөлүштүрө турган болсок, 2020-жылы бул көрсөткүч 1,2 миң долларды түзсө, 2024-жылга чейин 2,5 миң доллардан ашат. Үч жылдын ичинде мындай көрсөткүчтөргө жетебиз дегенге эч ким ишенген эмес. 2024-жылы калктын жан башына бюджеттин кирешеси 671,2 долларды түзсө, 2020-жылы 301 долларды түзгөн, бул эки эсеге өскөндүгүн билдирет. 2021-жылы 239 доллар (20 249 сом) болгон орточо эмгек акы 2022-жылы 316 долларга (26 620 сом), 2023-жылы 376 долларга чейин жогорулап, быйыл 415 долларга (35 791 сом) жетиши болжолдонууда. Улуттук өнүгүүнүн алгылыктуу таасири калктын бардык катмарында байкалууда», – деди ал.
9 айда тышкы сооданын көлөмү 12,1 млрд долларды түзүп, 8,4%га өстү. Экспорт 28,2%га өсүп, 2,8 млрд долларды түздү, ал эми импорт 3,7% өсүү темпи менен 9,3 млрд долларды түздү.
Улуттук банк жана Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин төмөндөп, 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 4,2%ды түздү.