Акыйкатчы институтуна кызматтык унаалар тапшырылды
Бүгүн, 19-декабрда Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.
Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.
“Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу – бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бүгүн тапшырылып жаткан автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деди акыйкатчы.
Белгилей кетсек, акыйкатчы Жамийла Жаманбаеванын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин, институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында автоунааларды сатып алууга 9 миллион сом бөлүнгөн.