Аксы районунда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

 Аксы районунда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Күн мурун Аксы районунун Коргон-Дөбө айылындагы №12 К.Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаты Г.Култаева, Аксы районунун акими З.Сыдыков, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Т.Узенбаев, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.К.Нурманбетов, подрядчы “Найман ПМК” ЖЧКсынын башкы директору К.Ажыматов жана башкалар катышты.

 

Белгиленгендей, аталган мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, курулуш республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпы сметалык баасы 87 млн 335 миң 494 сомду түзгөн.

 

Иш-чаранын алкагында депутат Г.Култаева жана аким З.Сыдыков баштаган райондук мекеме жетекчилери эл менен жоулугушуп, аймакктагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

Связанный пост