АКШ Украинага аскердик жардамын токтотту

АКШ Украинага аскердик жардамын токтотту. Бул тууралуу ТАСС Пентагондун өкүлү билдиргенин жазды.
Анда АКШ президенти Дональд Трамп Киевге аскердик жардамды көрсөтүүнү токтотуу керектигин белгилегени айтылды.
Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып маалымдагандай, жардам көрсөтүүнү токтотуп туруу Киев Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга ынтызар экенин көрсөткөнгө чейин созулат.
28-февралда Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолуккан. Сүйлөшүү учурунда Трамп Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга умтулбай жаткандыгын айтып сындаган. Ошондой эле ал Зеленский эпке келбесе, АКШ Украинага колдоо көрсөтпөй тургандыгын белгилеген.
Жолугушууда Трамп АКШ Украинага 350 млрд доллар өлчөмүндө чыгаша сарптаганын кошумчалаган.