АКШ элчиси Кыргызстандагы шайлоо тутумунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берди

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

БШКдан билдиришкендей, жолугушууда Тынчтык Шайназаров өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо системасын реформалоо жана аралыктан добуш берүүнүн жаңы системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Сан-Франциско жана Филадельфия шаарларында ачылган жаңы 6 шайлоо участкасы жөнүндө маалымдады.

Лесли Вигери жаңы шайлоо системасына жана колдонулуп жаткан шайлоо жабдууларына өзгөчө кызыгуу билдирди. Ал, ошондой эле шайлоо күнү электр энергиясы же интернет өчүп калган учурда добуш берүү кандайча жүргүзүлөрүн сурады.

Тынчтык Шайназаров мындай учурлар үчүн шайлоо участкаларында генераторлор орнотулганын, мындан тышкары ар бир шайлоо жабдуусунун өзүнүн 2–3 саатка жеткидей иштей турган аккумулятору бар экенин белгиледи.

Элчи Лесли Вигери шайлоо жабдуулары электр энергиясы жана интернети жок шартта да иштей берерин практика жүзүндө көрүп, шайлоочулар мындай кырдаалда да шайлоо укугун ишке ашыра ала турганына ынанды.

АКШнын элчиси Лесли Вигери шайлоо жабдууларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана шайлоочулардын катышуусун, ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган аралыктан добуш берүү системасына жогорку баасын берди.

Связанный пост