Акча чачкан талапкер эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Садыр Жапаров шайлоо системасынын жаңы мыйзам долбоору боюнча комментарий берди

 Акча чачкан талапкер эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Садыр Жапаров шайлоо системасынын жаңы мыйзам долбоору боюнча комментарий берди

Шайлоо системасын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы маалым. Мыйзам долбоорунун артыкчылыгы эмне, ал чын эле бизге керекпи деген суроолордун айланасында “Кабар” агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу кенен маек курду.

– Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу баш болгон бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу мыйзам долбоорун сунуштап, учурда ал коомдук талкууда. Бул маселе боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары талкууларды уюштуруп, социалдык тармактарда жарандарыбыз өз ойлорун активдүү билдирип жаткан чак.

Ушундан улам, өлкөбүздөгү шайлоолорго байланышкан суроолорубузга жооп алсак.

– Саламатчылык, макул.

– Кыргызстан эгемендик жылдарында эл өкүлдөрүн шайлоо системасынын бардык түрлөрүн көрдү окшойт. 1999-жылга чейин бир мандаттуу округдардан мажоритардык система менен шайланып келген эки палаталуу Жогорку Кеңеш болду. 2005-жылы Конституция өзгөрүп, ага жараша парламентибиз бир палаталуу болуп өзгөрдү, эки жыл өтүп 2007-жылы партиялык система кирди. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин толугу менен пропорционалдык системага өттүк. 2020-жылы сиздер бийликке келгенде Жогорку Кеңешти шайлоо системасы кайрадан алмашып, аралаш болуп калды. Эми азыр бир мандаттуу округдан болсун деген демилге көтөрүлдү. Бул демилгени колдойсузбу? Шайлоо системасы бизде тез-тез өзгөрүп, өлкө өзүнө ылайыктуусун таба албай келаткандай. Сиз өзүңүз дагы убагында бир мандаттуу округдан да, партиялык тизме менен да депутат болуп шайланып келген адам катары кайсыл система бизге ылайыктуу дейсиз?

– Сурооңузда өзүңүз белгилегендей, Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери башкаруу системасынын бардык түрлөрүн көрдү. Көпчүлүгү тыштан таңууланган башкаруу системасы болду. Тыштан таңууланган дегеним, тышкы күчтөр биздин ичибизден кайсы бир тың чыкма саясатчыны колго алып, аны каржылап, анан ал аркылуу өздөрүнө ыңгайлуу системаны кабыл алдырган учурлар көп болду. Саясатта жүрүп алардын баарын көрдүм. Азыр эми алардын аттарын атабай эле коеюн. Эл өзү билет.

Эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кеп кыла турган болсок, ушул долбоор кыргыз элине туура келген долбоор. Ушул система элдин колуна шайлоо укугун накта толук бере турган система болот. Эл өздөрү шайлаган талапкер үчүн нааразы болсо да өздөрүнүн мойнунда болот.

– Азыркы сунуштап жаткан демилгени колдоп атсаңыз, 2020-жылы конституциялык реформа болуп жатканда эле ушул системаны киргизип койсоңуздар болбойт беле?

– Болот эле. Бирок ал кезде жогоруда мен айткан тышкы күчтөрдүн таасиринде жүргөн саясатчылар көптүк кылып, бул системага каршы чыгышкан. Ошондуктан 54 мандат партия менен, 36 мандат бир мандаттуу округдардан болсун деген компромисске келгенбиз.

Азыр эми бул жаңы долбоордун негизинде өлкө боюнча 30 гана округ болуп ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. 3 орундун бирөө гендердик квота боюнча берилет. Ошондо парламентте 30дан кем эмес айым-депутат болот. Эгер бара-бара шайлоолордо аялдар күчтүү болуп мандаттардын көпчүлүгүн ала башташса, анда гендердик квота эркектер үчүн колдонулат.

– Бирок партиялар бир округдан бирден гана талапкер жылдыра алат деп атышат. Ошону алып эле салышса болбойт беле?

– Менимче, болот болуш керек. Ар бир округдан үчтөн кылып 90 талапкер көрсөтсө деле болот. Бирок анда шайлоого кое турган күрөө көбөйөт. Азыркы мыйзам долбоорунда ар бир талапкер үчүн 100 миң сомдон күрөө деп турат. Ошондо 30 талакер үчүн 3 млн сом болот. А эгер 90 талапкер көрсөтүшсө, анда 9 млн сом күрөө коюш керек болот. Эми бул жагын: отуздубу же токсондубу, депутаттар өздөрү чечет да.

– Канча бир убакыт өткөн соң өлкөбүз партиялык тизме менен шайлоого кайтып келиши мүмкүнбү? Анткени бул системаны жактагандар, адатта, Европанын өнүккөн мамлекеттерин мисал келтиришет эмеспи.

– Европа өлкөлөрү азыркы биз басып өтүп жаткан жолду 40-50 жыл мурда өтүп коюшкан. Ошончо кыйынчылыктарды басып өтүп келип, анан алардын эли да, саясатчылары да партиялык системага даяр болгону үчүн азыр партиялык башкаруу системасы иштеп жатат.

Бизде партиялык системага элибиз да, саясатчыларыбыз да даяр эмес экенин мезгил көрсөттү. Уйкудан эрте тургандардын баары эле партия ача салып, акчалууларды топтоп шайлоого катышмай, алдыңкы орундарды сатмай, бийлик менен соодалашмай болуп, өзүнчө эле саясий бизнес болуп кетти.

Мына биз азыр ушул саясий коррупцияны жок кылганы жатабыз.

Балким 40-50 жылдан кийин биздин элибиз менен саясатчыларыбыз даяр болуп калса, андан кийин партиялык башкаруу системасына өтүшүбүз толук мүмкүн.

Бирок азырынча депутаттар сунуштап жаткан система биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Парламент шайлоочулардын алдында жооптуу болот.

– Сунушталып жаткан долбоорго карата пикирин билдиргендер бул мыйзам айымдар үчүн артыкчылык берерин белгилешүүдө. Кеминде 30 мандатты айымдар алса болорун айтып жатышат. Бирок буга чейин деле депутаттардын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болсун деген ченем бар эмес беле. Бул жолкусу деле ошондой кагазда эле калып кетпейби?

– Бул жолу кагазда калбайт. Мыйзам так аткарылат. Парламентке 30дан кем эмес айымдар келет. Балким кээ бир округдарда 1-2-орундарды да айымдар жеңип алган болсо, анда 30дан да көп айымдар келишет.

– Округ менен шайлоодо ошол аймактагы акчалуулар алдыга чыгып кетпейби? Деги эле акчанын ролу кандай болот, депутаттар сунуштап жаткан долбоор боюнча?

– Эл кимдерди шайлаш керек экенин билиши керек. Акча чачкан талапкер эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Чачкан акчасынын ордун толтуруш үчүн беш жыл бою жан үрөйт. Жеке кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ошондуктан билимдүү, мекенчил, мыйзам жазганды билген талапкерлерге добуштарын берсе жаңылышпайт. Акча чачып добуш сатып алам деген талапкерлерди көзөмөлдөгөнгө аракет кылабыз. Бирок эл өзү да андайларды уяткарып токтотушу керек. Эл өзү да көзөмөлгө алып, бизге жардам бериши керек.

– Сунушталган долбоорго карата тынчсыздануулардын бири – эми жергиликтүү деңгээлдеги эле лидерлер чыгып, өз аймагынын эле таламын талашып, жалпы мамлекеттик масштабдагы лидерлер чыкпай калышы мүмкүн деген пикир. Буга кандай карайсыз?

– Менимче, туура эмес пикир. Сен мамлекеттик масштабдагы маселени көтөрбө деп ким депутаттын оозун жапмак эле. Мисалы 2005-жылы баарыбыз бир мандаттуу округдардан шайланып келип, мамлекеттик масштабдагы эле маселелерди көтөргөнбүз. Мына ушул бүгүнкү сунушталып жаткан долбоор боюнча ар бир округдан эң кыйындар шайланып келишет. Мурдагыдай партияларга акча менен кирип алгандар, эч ким тааныбагандар шайланып келбейт. Партиядан миллион долларга мандатты сатып алып, шайлоочуларына бир да жолу басып барбаган депутаттар бар да азыр.

– Округдар кантип бөлүштүрүлөрү азырынча айтыла элек. Мыйзам долбоору өтүп кетсе, бул жумушту БШК алып барса керек. Сиздин пикирде округдарга бөлүү кандай принципте жүргөнү максатка ылайыктуу болот? Мисалы, бир райондо 90 миң киши жашаса, ага 50-60 миң адам жашаган аймак кошулуп калса. Калкы көп аймактан чыккан талапкерде утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү көбөйбөйбү?

– Биз ушундай – “өз балабыз, өз корообуздан кочкор салабыз” деген оорудан айыгышыбыз керек. Кайсы облус, кайсы район, кайсы айыл болбосун тың чыкма, билимдүү, мекенчил болсо болду, ошону шайлаш керек. Өз районуңдан болсо эле сенин дасторконуңа ашыкча аш салып береби? Биздин өлкө – чакан өлкө. Мамлекетибиз бирөө эле. Мисалы, Алайдан Чаткалга барып талапкерлигин койсо да, эгер кыйын болсо, ошол кыйынды шайлаш керек. Ошол кыйындар бардык эл үчүн, жалпы мамлекет үчүн бирдей иштеп берет. Демагог болбой туура сүйлөшөт, туура чечимдерди кабыл алышат.

– Убактыңызды бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдирем.

– Ишиңерге ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Связанный пост