Академик Владимир Плоских дүйнөдөн кайтты – некролог

31-июлда узакка созулган оорудан кийин, 89 жаш курагында Кыргызстандын көрүнүктүү уулу — Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Владимир Михайлович Плоских дүйнөдөн кайтты.
Владимир Михайловичтин дүйнөдөн кайткандыгы —илим, билим жана маданият чөйрөсү үчүн орду толгус жоготуу. Элге жана Ата Мекенге кызмат кылууну өмүрүнүн маңызына айланткан, дүйнөгө таанылган илимпоз, педагог, изилдөөчү жана жазуучу бул ааламдан өттү.
1937-жылдын 10-апрелинде Акмолинск шаарында төрөлгөн Владимир Михайлович өзүнүн илимий жолун мугалимдиктен баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президентине чейинки даңктуу эмгек жолун басып өттү. Анын өмүрүнүн жарым кылымга жакыны Академиянын ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышта болуп, бул аралыкта ал илимдин уюштуруучусу, жаштардын устаты жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөдөгү алдыңкы илимпоз катары терең из калтырды.
Академик Плоских археология, этнология, кыргыз-орус мамилелери, мамлекеттик түзүлүш маселелери, жазма булактар жана тарыхтагы инсандык рол сыяктуу багыттарда илимге зор салым кошту. Анын жетекчилиги менен Ысык-Көлдө уникалдуу суу алдындагы археологиялык казуулар жүргүзүлүп, мурда белгисиз болгон ондогон тарыхый булактар илимий жүгүртүүгө киргизилген.
Владимир Михайлович 300дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 30 монографиянын, окуу китептердин жана колдонмолордун автору. Анын эмгектери студенттер, илимпоздор жана мугалимдер үчүн баалуу таяныч булак болуп калды. Ал Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн деңгээлинде таанылган энциклопедиялардын, фундаменталдуу жыйнактардын, көркөм жана даректүү чыгармалардын автору жана редактору болгон.
Ал мыкты илимпоз эле эмес, ошондой эле залкар педагог катары да белгилүү болгон. Көп жылдар бою Кыргыз-Россия Славян университетинде тарых жана маданият таануу кафедрасын жетектеп, диссертациялык кеңештин төрагасы болуп иштеп, үч докторду жана он эки илим кандидатын даярдады. Анын колунан чыккан окумуштуулар бүгүнкү күндө да анын илимий мектебинин урпактары катары илимге салым кошуп келүүдө.
Владимир Михайлович Плоских өзүнүн илимдеги эмгектери үчүн бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган:
· II жана III даражадагы «Манас» ордени,
· «Даңк» медалы,
· Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы эки жолу мамлекеттик сыйлыгы,
· Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери наамы, ошондой эле Россиянын, Түркиянын, Индиянын жана башка мамлекеттердин илимий коомдорунун сыйлыктары.
Владимир Михайлович Плоских тарыхта илимий ар-намыстын, терең билимдүүлүктүн, мекенчилдиктин жана элине болгон чексиз кызматтын символу катары түбөлүккө калат.
Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине, окуучуларына, жалпы илимий коомчулукка жана бул улуу инсанды таанып, баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, А.С. Кадыралиев, М.А. Сатыев, А.А. Акаев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, В.К. Раимбачаева, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Н.К. Ташбеков, Б.С. Орозов, А.Дж. Джунушалиев, К.Е. Абдрахматов, Д.Т. Чонтоев, Ч.И. Арабаев, А.А. Акматалиев, А.А. Асанканов, С.Ж. Мусаев, О.И. Ибраимов, А.Э. Эркебаев, Ы. Мукасов, Ш.Ж. Жоробекова ж.б.