“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда

 “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнь саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда.

“Жүк ташуучу унаалар топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, – деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында унаалардын топтолуусу катталган жок.

Связанный пост