“Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында 500 жакын унаа топтолду
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, 2023-жылдын 23-августунда “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларынын маңдайында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталганын маалымдайт.
Саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат.
Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан.
Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.
Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген.
Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө: медициналык, психологиялык, кеңеш берүүчү жана башка, ошондой эле ысык тамак уюштурулган.