“Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында жүк ташуучу транспорт каражаттары топтолуусу байкалууда

 “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында жүк ташуучу транспорт каражаттары топтолуусу байкалууда

3214550 17.10.2017 Пробка из фур на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП “Ак-Тилек”. Табылды Кадырбеков / РИА Новости

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 15-сентябрында “Ак-Тилек-автожол” (Кыргыз Республикасы) жана “Карасуу-автожол” (Казакстан Республикасы) өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталгандыгын маалымдайт.

Саат 16.00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган.

Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүүдө.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүгө байланыштуу болууда, айрыкча, айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот.

Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ.

Белгилей кетсек, кыргыз тараптан дагы, казак тараптан дагы эч кандай чектөөлөр жок.

Эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

Связанный пост