Ак-Тал айылындагы үй-бүлөгө Президент С.Жапаровдун атынан салынып берилген турак-жайдын документтери тапшырылды

 Ак-Тал айылындагы үй-бүлөгө Президент С.Жапаровдун атынан салынып берилген турак-жайдын документтери тапшырылды

Бүгүн район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Искакова Гүлзат Калыбековнага Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан салынып берилген жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.

Искакова Гүлзат Калыбековнанын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин наамына видео кайрылуу жиберген. Жиберилген кайрылуунун негизинде маалымат Президентке жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салып берди.

Связанный пост