«Ак-Бата» конушунда фельдшердик амбулатордук пункттун курулушуна капсула салуу азуми болуп өттү

«Ак-Бата» конушунда аймактын жашоочулары үчүн маанилүү социалдык объект боло турган фельдшердик амбулаториянын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чара Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов жана Медербек Алиевдин, ошондой эле “Smart Generation” кайрымдуулук фондунун директору Ель-Жажи Мохаммад Абеддин катышуусунда өттү.

Амбулаториянын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт.

Социалдык объекттин курулушун  “Smart Generation” кайрымдуулук фонду каржылайт.

Биз “Smart Generation” кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Бул долбоор «Ак-Бата» конушунун жана Свердлов районунун бардык тургундары үчүн саламаттыкты сактоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат.

Связанный пост