“Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору ишке кирип, 4 млрд сомдон ашык каражат каралды

2025-жылга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору бекитилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 4 млрд 92 млн 769 миң 440 сомдон кем эмес суммага 10 пайыз чен менен насыя берүү каралган.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү “мал чарбачылыгы”, “өсүмдүк өстүрүү”, “сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” менен алектенгендарге 36 ай, ал эми “Айыл чарба техникаларынын лизинги” мөөнөтү 84 ай.
Белгилей кетсек, насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу, 300 миң сомго чейин күрөөсүз негизде, 1 млн сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет.
Ошондой эле “мал чарбачылыгы” багытына 1227,8 млн сом, “өсүмдүк өстүрүү” багытына 818,6 млн сом, “сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялар” багытына 409,2 млн сом, “Айыл чарба техникаларынын лизинги” багытына 1637,1 млн сом каралган.