“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,5 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды

 “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,5 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды
“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,5 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды. Бул тууралу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2024-жылдын 25-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоорунун алкагында республиканын 3 828 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 562,3 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
Анын ичинде:
– “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 416,6 млн. сом суммасында 3 371 субъектти түзөт;
– “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 145,7 млн. сом суммасында 457 субъектти түзөт.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө.
2024 – жылдын 25 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат. (млн сом)

Связанный пост