Айыл чарба министрлигинде эттин баасын турукташтыруу маселеси талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин жетекчилиги астында, онлайн форматтагы кеңешме өттү.

Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды турукташтырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдарга элди фермерлерден түз жеткирилген эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу тапшырмасы берилди.

Связанный пост