Айыл чарба министрлиги: Сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталат

 Айыл чарба министрлиги: Сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сүттүн баасы майлуулугуна жараша аныкталарын билдирет.

Белгиленгендей, министрликтин демилгеси менен эки жылдан бери сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган алгылыктуу иштер аткарылууда.

Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мындан улам Айыл чарба министрлиги тарабынан былтыртан баштап, сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графигинин таблицасы сунушталып, дыйкан-фермерлерге өндүргөн сүтүн сүт заводоруна ортомчусуз түз сатууга шарт түзүлдү.

Мисалы, завод сүттүн майлуулугу 4%дан жогору болсо 40 сомдон өйдө, 3,5% болсо 36-39 сомдон,  3% болсо 31 сомдон кабыл ала турган баа болот.

Баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотулат. Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленет.

“Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, нааразы тарап Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост