Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды.
Ведомстводон белгилешкендей, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу, түшүмдү мол жана кирешени туруктуу кылуунун ишенимдүү жолу.
Эмне үчүн күздүк буудайды тандоо пайдалуу
- Жогорку түшүмдүүлүк — жогорку киреше
Күздүк буудай жаздыкка салыштырмалуу 20% га чейин көбүрөөк түшүм берет. Жогорку түшүм — жогорку киреше. Сапаттуу данга суроо-талап дайыма жогору бойдон калат.
- Эрте бышат
Күзүндө себилген буудайдын вегетациясы жаздык буудайга салыштырмалуу эрте башталып, эрте бышат. Бул экинчи түшүм алуу же талааны эрте бошотуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
- Кургакчылыкка туруктуу
Күзүндө топуракта жазга салыштырмалуу көбүрөөк ным болот. Бул фактор үрөндүн жакшы өсүп чыгышына жана тамырынын тереңден кармалышына өбөлгө түзөт.
- Азыкты топтоо
Күздүк эгиндер күзгү жаан-чачынды жана жылуулукту пайдаланып, азыктандыруучу заттарды топтоого жетишет, бул алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Мындан тышкары күзүндө отоо чөптөр азыраак болуп, бул аларга каршы күрөштү жеңилдетет.
- Жаздагы жумушту азайтуу менен убакытты туура пайдалануу
Күздүк себүү жаз айларындагы башка маанилүү иштерди өз убагында аткарууга шарт түзүп, айыл чарба жумуштарынын жүгүн азайтат.