Айтматов районунда жаандын кесепетинен 769,5 га айдоо жери жабыркады

 Айтматов районунда жаандын кесепетинен 769,5 га айдоо жери жабыркады

28-июль күнү Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар жана Арчагүл айылдарында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен айыл чарба жерлери жана ирригациялык тармак жабыркаган.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө жалпы 769,5 гектар айдоо жери жабыркаганы аныкталган. Анын ичинен:

  • 455,4 га — төө буурчак,
  • 2,5 га — буудай айдоо аянттары болгон.

Жабыр тарткандардын жалпы саны — 112 дыйкан, алардын ичинен:

  • 5 жөлөк пул алуучу,
  • 4 аз камсыз болгон үй-бүлө,
  • 2 социалдык контракт алгандар,
  • 5 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

Мындан тышкары, жаандын кесепетинен улам Арчагүл айылындагы 260 метр жана Кайнар айылындагы 300 метр сугат каналдар толуп кетип, райондук суу чарба кызматынын техникалары менен тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Тазалоонун жалпы чыгымы 40 миң сомду түздү.

Материалдык чыгымдар:

  • Төө буурчак — 54 млн 648 миң сом,
  • Буудай — 71 миң 500 сом.

Комиссия төмөнкүдөй сунуштарды берди:

  • Жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштуруу райондук администрацияга жана Шекер айыл өкмөтүнө;
  • Кайнар айылында 1700 метрлик сугат каналын жергиликтүү бюджеттин эсебинен тазалоо;
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга сунуш берүү;
  • Жеңил жабыр тарткан 314,1 га аянтты 10 күндөн кийин кайрадан кароо.

Связанный пост