Айтматов районунда кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан Айтматов райондук мамлекеттик администрациясында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган администрациянын кызмат адамдары 2017-жылдан баштап 2025-жылдын январына чейинки мезгил ичинде райондук ардагерлер кеңешинин кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 620 миң 880 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которушуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышып, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иш козголуп, тергөөсү Айтматов РИИБнин Тергөө кызматына тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.