Айтматов проспектиси алты тилкелүү болот
Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки 4 чакырымдан ашык бөлүгүндө жолду алты тилкеге кеңейтүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алты тилкелүү туурасы 20 метрден ашык жолдун эки чети жашылдандырылып, андан кийин велосипед жолу менен жөө жүрүүчүлөр учүн жол өз өзүнчө курулат.
“Президентибиздин тапшырмасы менен Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн баштап Семетей көчөсүнө чейинки 4 км 400 метр жол тилкесинде оңдоо, куруу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө жолдун туурасын 20 метрден ашыруу үчүн эки тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Андан тышкары, жолдун эки четинде ошондой эле узундукта вело жол, тротуар курулуп, бактар, гүлдөр отургузулуп жашылдандырылат. Ал үчүн атайын бактар менен гүлдөргө буйрутма бергенбиз. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат. Курулуш иштери май айынын аягында бүтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Ч. Айтматов проспектисиндеги кызыл сызыктан өтүп курулган имараттар буздурулаары президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин аталган көчөнү оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, аталган Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу 17-мартта эки тараптуу жабылган.