Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Ислам оюндарынын финалына чыкты
![Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Ислам оюндарынын финалына чыкты](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp_image_2022-08-12_at_17_40_46_2.jpeg)
Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам оюндарынын финалына чыкты.
Айпери Медетбек кызы жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. Спортчу 76 кг салмак категориясында күч сынашууда.
Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбан менен күч сынашты.
Финалдык беттештер саат 21:30да башталат.