Айгүл Жапарова менен Саида Мирзиёевага кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлдү

“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.

“Көргөзмөнүн максаты – улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү”, – деп баса белгиледи министр.

Министрдин айтымында, көргөзмөдө 13 компания өзүнүн өзгөчө эмгектерин сунуштап, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү заманбап ыкмаларды айкалыштырып көрсөттү. Мисалы, “Супара-Шоро” конокторду боз үйлөрү жана салттуу үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына алып барса, “Шоро” компаниясынын бренди арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган таттууларды сунуштады.

“Бир айыл – бир продукт +1” долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, сапаттуу азык-түлүк, кийиз буюмдары жана табигый косметика сунуштады.

Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн бириктирип, аялдардын лидерлигинин экономика, санариптик технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы маанилүү аспектилерин талкуулады.

Аялдар менен кыздардын билим берүү, ишкердик жана инновациялар аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле алардын туруктуу өнүгүүдө, анын ичинде экологиялык жана климаттык демилгелерде ролун илгерилетүүгө багытталган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Связанный пост