Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого мораторий киргизилди

 Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого мораторий киргизилди

Министрлер кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындай чечим транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Документке ылайык, лицензияны кайра тариздөөнү, дубликатын берүүнү, токтотуп турууну, кайра жаңылоону, токтотууну жана жокко чыгарууну кошпогондо, 2025-жылдын 20-октябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин. Бул көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу (мораторий) мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт.

Ошондой эле президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрөт, анын аткарылышы КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 2025-жылдын 20-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Связанный пост