Ай сайын майыптыгы бар 85 миңден ашык жаран социалдык жөлөк пул алат

 Ай сайын майыптыгы бар 85 миңден ашык жаран социалдык жөлөк пул алат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдайт, социалдык жардамдын ведомстволук корпоративдик маалыматтык тутуму (СЖКМТ) майыптыгы бар адамдарды текшерүүдө, мамлекеттик жана башка социалдык төлөмдөрдү, анын ичинде майыптарды дайындоодо электрондук жол-жоболорду жүргүзүүгө бир нече жылдан бери мүмкүндүк берип келет.
СЖКМТ ошондой эле кресло-коляскаларды, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууда социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын/балдардын жеке ассистенттери боюнча төлөмдөрдүн эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Жыл сайын күбөлөндүрүүгө жиберилген жарандардын жалпы санынан 50 миңге жакын жаран, анын ичинде 14 миңге чейинки бала майыптыгы бар .
Ай сайын майыптыгы бар 85 миңден ашык жаран социалдык жөлөк пул алат.
Бардык төлөмдөр майыптыгы бар адамдардын жеке маалыматтарынын ачыктыгын, купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу менен СЖКМТ аркылуу жүргүзүлөт.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик органдар ортосунда ведомство аралык электрондук маалымат алмашууну камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат, бул социалдык төлөмдөрдү дайындоо, социалдык кызматтарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин, маалымкаттардын санын азайтууга жана ар кандай коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост