АИВ, вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы долбоор сунушталды

Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарында 2023-2025-жылдарга АИВ (ВИЧ), кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы муниципалдык программанын долбоору боюнча жыйын өттү.
Жыйында Ош шаарындагы АИВ- инфекциясы, кургак учук жана кан аркылуу жугуучу илдеттердин алдын алуу иштери боюнча маалымат берилип, 2023-2025-жылдарга муниципалдык программанын жаңы долбоору сунушталды.
Ошондой эле, Ош шаарында АИВ-инфекциясынын өсүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү катталгандыгы, жаңы долбоордун алкагында бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү болжолдонгондугу белгиленди.
Жыйындын соңунда актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, бир катар сунуштар айтылды.

Связанный пост