Агартуу министрлигинде 68 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Агартуу министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, аудиттин жүрүшүндө министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын финансылык ишмердүүлүгү, бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы талданып, төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр белгиленди:

– Билим берүү тармагында Кыргызстанда 89 жогорку билим берүү мекемеси бар (33 мамлекеттик, 56 жеке менчик), аларда 222 699 студент билим алат;

– Орто кесиптик окуу жайларында 100 728 студент, кесиптик лицейлерде 31 455 студент билим алат;

– 2070 мектеп каржыланып, 1 263 191 окуучу билим алат, 94 683 мугалим эмгектенет.

Белгиленгендей, 2023-жылы министрликтин бюджети өзгөртүүлөр менен 67 724 502,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен кассалык чыгымдар 61 821 556,0 миң сомду түздү.

Аудиттин натыйжасында 723 554,6 миң сомдук жалпы мыйзам бузуулар аныкталып, анын ичинен 289 658,7 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. 214 722,5 миң сом аудит учурунда калыбына келтирилген, ал 74,13% түзөт.

Төмөнкү финансылык мыйзам бузуулар белгиленди:

– Бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтер — 346 380,1 миң сом;

– Бюджет долбоорун түзүүдө жана кароодо бузуулар — 26 039,2 миң сом;

– Мүлктү пайдаланууда мыйзам бузуулар — 35 439,7 миң сом;

– Бухгалтердик эсеп жана отчеттук документтердеги бузуулар — 314 465,5 миң сом;

– Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар — 1 230,1 миң сом.

«Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги аудиттин алдын ала жыйынтыктары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Талас шаарынын жана Таплас районунун билим берүү бөлүмдөрүндөгү аудиттер Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Башкы прокуратурага ижара жана эмгек акы боюнча аныкталган каржы бузуулар тууралуу маалымат жөнөтүү сунушталды”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост