Агартуу министрлиги: Педагогдорду даярдоо тармагы чоң реформага муктаж

Педагогдорду даярдоо тармагы чоң реформага муктаж. Мындай пикирин агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, педагогдорду даярдоо боюнча жол картасы түзүлүп, азыр бул багытта адистер иштеп жатат.
“Бизди олуттуу болгон болочок педагогдорду даярдоо маселеси күтүп турат. Бул тармак да абдан чоң реформага муктаж. Биздин келечектеги педагогдорубуз мектепте көбүрөөк практиканы өтүп, ар бир мектеп аларга аянтча болуп бериши керек. Мисалы, болочок мугалим мектепте кандай көйгөйлөр бар, кантип аларды жоюу керек, педагог кандай иштейт баарын жеринде алдын ала билиши зарыл”,- дейт Жусупбекова.
Белгилей кетсек, педагогдордун ишин жеңилдетүү максатында 27 миң 31 ноутбук мугалимдерге тапшырылгандыгын министрдин орун басары өз сөзүндө белгилеп өттү.
“Ноутбуктар аркылуу мугалимдер санариптештирүү платформаларына оңой кирип, мурдагыдай кагаз толтуруу иштерине көп убакыт коротпойт. Мугалимдерге жаңы стандарттарды, программаларды берип, көп процесстерди санариптештирип жатабыз. Бир жагынан билим берүүнүн мазмуну жаңыланды. Өнүккөн өлкөлөрдүн, кошуна мамлекеттердин билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрүн карап турушубуз керек. Анткени, биздин балдар да дүйнөлүк атаандаштыкка даяр болуп, туруштук бере турган, келечекте керек боло турган билимдерди алыш керек”,- деди агартуу министринин орун басары.
Ошондой эле ал өзүбүздүн улуттук баалуулуктар, ийгиликтер менен бирге дүйнөдөгү жакшы жетишкендиктерди айкалыштырып, билим берүүнүн мазмунун жаңылап турушубуз керек экендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, өлкөдөгү жалпы 2 миң 394 мектепте 93 миңден ашык мугалим эмгектенет. Ал эми мектептик билим берүүгө бардыгы 1 млн 536 миң 633 окуучу тартылган. Жалпы 2 миң 394 мектептин 224ү жеке менчик болуп саналат.
Булак “Кабар” агенттиги