Агартуу министрлиги: Мектептерге тармактык окутуу үч этап менен киргизилет

 Агартуу министрлиги: Мектептерге тармактык окутуу үч этап менен киргизилет

Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутуу 2026-2027-окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Жаңы система окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана кесиптик багытын эске алуу менен билим алуусун улантууга же келечектеги кесибине даярданууга багытталган.

Биринчи этапта, 2026-2027-окуу жылында 8-класстарда профилге чейинки даярдоо киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыттагы программалар сыноодон өткөрүлөт.

Экинчи этапта, 2027-2028-окуу жылында 9-класстарда профилге чейинки даярдоо улантылып, 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттар боюнча программалар киргизилет.

Үчүнчү этапта, 2028-2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттагы профилдик программалар ишке кирет.

Академиялык багыт окуучуларды жогорку жана орто кесиптик билим алууга даярдоого багытталса, кесиптик-колдонмо багыт кесипке чейинки көндүмдөрдү калыптандырууга жана эмгек рыногуна даярдоого багытталат.

Связанный пост