Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылды

 Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылды

Акыркы убакта өлкөдө балдардын сууга агып кетүүсүнө байланыштуу кайгылуу окуялар көп катталууда.

Буга байланыштуу Агартуу министрлиги ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып, жайкы каникул учурунда кырсыктардын алдын алуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт:

  • балдарды такыр кароосуз калтырбай, кайда жүргөнүн дайыма көзөмөлдөө;
  • кооптуу агын сууларга, каналдарга жана бейтааныш көлмөлөргө түшүүсүнө тыюу салуу;
  • көлгө же башка суу жээктерине барганда балдарды чоңдордун коштоосусуз сууга киргизбөө;
  • тоолуу аймактарга жалгыз жибербөө жана белгисиз өсүмдүк, мөмөлөрдү жешпесин көзөмөлдөө.

Министрлик баланын өмүрү жана ден соолугу баарынан кымбат экенин эскертип, ар бир ата-энени бул маселеге өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Связанный пост