Афганистандын делегациясы Кыргызстандын адал индустриясы менен таанышты

Афганистандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Нуреддин Азизи жетектеген расмий делегация Кыргызстандагы адал индустриянын өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегацияны кабыл алууга министрликке караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков катышты.

Сапардын жүрүшүндө афган делегациясы Ысык-Көлдөгү “Халал-Резорт” пансионатына барып, эс алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн “адал” стандарттарына ылайык уюштурулушу менен таанышты.

Ошондой эле алар эл аралык адал стандарттарына жооп берген продукцияларды чыгаруучу Кыргызстандын тамак-аш кайра иштетүү ишканаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен да таанышкан. Делегация Балыкчы шаарындагы мал союу цехин жана “Адал азык” (“Той Босс” соода белгиси) ишканасын көрүп чыгышты.

Жыйынтыгында Афганистандын өкүлдөрү Кыргызстандын улуттук адал индустриясын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин жогору баалап, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Артыкчылыктуу багыттар катары биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, Афганистандын жарандарына багытталган “адал-френдли” туристтик маршруттарды өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандык адал азык-түлүктөрүн импорттоо маселелери талкууланды.

Связанный пост