Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Алтай Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына жумуш сапары менен келди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Тоолу-Алтай шаарынын аэропортунан Алтай Республикасынын Башчысы Андрей Турчак жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алды.

Анда Алтай Республикасынын сыйлуу конок тосуудагы жергиликтүү элдин салттуу меймандостугу көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышат, анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле, конференциянын алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Связанный пост