Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына барды
Бишкек, Жогорку технологиялар паркы, 2025-жылдын 26-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барды.
МинКаб Төрагасы ЖТПнын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү.
Анда ЖТПнын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик тилде сүйлөгөн “Акылай” акылдуу колонкасы тууралуу маалымат берилди.
ЖТПнын директору Азис Абакиров уюмдун 2024-жылга карата аткарган ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, негизги көрсөткүчтөргө, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана IT-секторуна инвестиция тартууга басым жасады. Ал ошондой эле Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, ЖТПнын ийгиликтүү иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Адылбек Касымалиев Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн ЖТПнын стратегиялык маанисин ырастап, мамлекет менен IT-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ЖТП жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү негизги аймактык хаб болуу үчүн бардык зарыл потенциалга ээ экендигине ишенимин билдирип, “атаандаштыкка жөндөмдүү IT-экосистеманы түзүү жалпы максат” экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖТПны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде инвестицияларды тартуу, IT-билим берүүнү стимулдаштыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинети бул багыттарды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев ЖТПнын резиденттерине өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет Жогорку технологиялар паркын жана анын резиденттерин өнүктүрүүдө мындан ары да ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтөөрүн белгиледи.