Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темадагы панелдик сессияда сөз сүйлөдү.
Министрлер Кабинетинин башчысы азыркы шартта, азыркы дүйнө кризистерге жана чакырыктарга, геосаясий келишпестиктерге, эл аралык чыңалууга жана белгисиздикке толгон кезде, “Бир алкак – бир жол” демилгеси эл аралык кызматташтыктын дүйнөдөгү талап кылынган платформасы бойдон кала берерин белгиледи.
“Мындан туура 12 жыл мурда “Бир алкак – бир жол” демилгеси эл аралык аренага ишенимдүү түрдө чыгып, өз орбитасына эбегейсиз көп мамлекеттерди тарта баштады. Бул масштабы боюнча глобалдуу демилгеден көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде аны биринчилерден болуп колдогон жана андан кийин анын активдүү катышуучусу болуп калган Кыргыз Республикасы да пайда көрүүгө жетишти”, – деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө «Бир алкак – бир жол» демилгесин өнүктүрүү жана анда Кыргыз Республикасынын ролу жөнүндөгү идеяларды белгиледи, алар беш багытка негизделген.
Биринчиси – транспорттук өз ара байланыш. «Биз өзүбүздүн географиялык артыкчылыктарыбызды жана транзиттик потенциалыбызды Азия жана Европа аймактарын байланыштырган негизги логистикалык хаб болуу үчүн колдонууга даярбыз. Бул жагынан алганда, «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагында жаңы транспорттук каттамдарды куруу Евразия мейкиндигинде өз ара байланышты өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат», – деди ал.
Экинчиси – соода-экономикалык кызматташтык. Учурдагы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр шартында туруктуу прогресстин негизи ишеним, адилеттүүлүк жана өз ара пайдалуулук принциптериндеги тыгыз соода-экономикалык өз ара аракеттенүү болуп саналат. Кыргызстан чоң инвестициялык потенциалга ээ болуп, чет элдик инвесторлор, анын ичинде Кытай компаниялары үчүн ЕАЭБ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу үчүн «терезе» катары чыгууга даяр. Адылбек Касымалиев «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын үчүнчү багыты – финансылык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“«Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагында ири долбоорлорду колдой ала турган натыйжалуу финансылык инструменттерди киргизүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ал Кыргызстандын финансы тармагынын, анын ичинде капитал рыногунун активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
«Бир алкак – бир жол» демилгесин андан ары өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп санариптештирүү жана инновациялар саналат. Кыргызстан «Санариптик Жибек жолун» өнүктүрүүнү активдүү колдойт. Адылбек Касымалиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандар кызмат көрсөтүүлөрдүн 90%дан ашыгын онлайн режиминде алышат. Резиденттер үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн Жогорку технологиялар паркы ийгиликтүү иштеп жатат.
МинКаб башчысы кызматташуунун бешинчи багыты катары энергетиканы белгилеп, анын алкагында Кыргызстанда ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Адылбек Касымалиев республикада акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун терең реформаларды жүргүзүүгө жана өлкөбүз үчүн туруктуу экономикалык жана социалдык базаны түзүүгө багытталган көп кырдуу ишмердүүлүгүн белгиледи.
«Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» демилгесинин идеяларына берилгендигин сактап келет, ал биздин оор мезгилде өзгөчө мааниге жана актуалдуулукка ээ болууда. Ишенем, бир гана күч-аракеттерибизди бириктирүү аркылуу биз элдерибиздин тынчтыгы, туруктуулугу жана гүлдөп өнүгүшү үчүн бекем негиз түзө алабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.