Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгү жана алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптуу кызыкчылык баса белгиленди.