Адылбек Касымалиев Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий жумуш сапары менен келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту.

МинКаб Төрагасы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, анын Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди.

“Биздин салттуу достук жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз жигердүү өнүгүп жатканын кубануу менен белгилеймин.Өткөн жылдын 5-ноябрында эки өлкөнүн Президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн. Сиздин расмий сапарыңыздын алкагында Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү эки тараптуу кызматташуу үчүн чоң мааниге ээ. Бүгүн бизде кыргыз-түрк күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар”, – деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз кыргыз тараптын меймандостук жана жылуу кабыл алгандыгыүчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын белгилешти.

Связанный пост