Адылбек Касымалиев соцкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына, Кыргызстандагы кесиптик бирликтер кыймылынын 120 жылдыгына жана Социалдык фонд кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүүсүн чагылдырган жарандардын бакубаттуулугун, социалдык адилеттүүлүктү, элдин бактылуу келечегин камсыз кылууда үч институттун — социалдык камсыздоо тутумунун, Социалдык фонддун жана кесиптиктик бирликтердин негизги ролун белгиледи.

Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы жана мааракелери менен куттуктады.

Минкаб төрагасы эмгек укуктарын, социалдык адилеттүүлүктү, теңчиликти орнотууда кесиптик бирликтердин ролуна токтолуп, Кыргызстандын кесиптик бирликтери жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгууга, үч тараптуу Башкы келишимди түзүүгө, мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашырууга активдүү катышкан уюм экенин белгиледи. Ал ошондой эле кесиптик бирликтер өздөрүнүн негизги мүдөөсүн – адамдын ар-намысын, эмгек укуктарын жана социалдык адилеттүүлүктү коргоону сактоо менен заманбап чакырыктарга ыңгайлашуу зарылдыгын белгиледи.

Түзүлгөнүнө кылымдай узак жолду басып өткөн жана мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыты болуп кала берген Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ал белгилегендей, 298 миң жаран мамлекеттик жөлөкпулдарды алса, анын ичинен 53 миң үй-бүлөдөгү 190 миң бала, ошондой эле 107 миң адам, анын ичинен 37 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Министрлер президенттин демилгеси менен акыркы беш жылда жөлөкпулдардын өлчөмү эки-үч эсеге көбөйтүлгөнүн, жаңы социалдык программалар киргизилгенин белгиледи. Министрликтин 2026-жылга бюджети 23,3 млрд сомду түзөт. Социалдык кызматкерлердин тармагы кеңейди, курорттук дарылоону каржылоо көбөйтүлдү, министрликтин муктаждыктарына 77 автоунаа берилди. 2025-жылдын 1-октябрына карата 103 400 ата-эне “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алышты.

Социалдык фонддун салымы да белгиленди: акыркы беш жылда пенсионерлердин саны 100 миңге көбөйдү, орточо пенсия дээрлик эки эсеге өстү. Биринчи жолу пенсиянын минималдуу өлчөмү жашоо минимумуна теңелди.

Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев мамлекеттин тең салмактуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө багытталган саясатка умтулуусун белгилеп, ИДПнын өсүшүн жана өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн коомдук биримдиктин жана ынтымактын маанилүүлүгүнө да токтолду.

Иш-чаранын соңунда министрлер кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.

Связанный пост