Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын Элчисин кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин ырасташты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын кызыкдарлыгын билдиришти.
Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради өзүнүн ишмердүүлүгүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстандагы ишинин жүрүшүндө кыргыз тарап тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап, миссиянын мезгили учурунда өлкөлөр ортосундагы достук байланыштардын олуттуу бекемделишине салым кошконун жана ага эң жагымдуу таасир калтырганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев өз кезегинде Элчиге кыргыз-сауд мамилесин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте конструктивдүү диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи.
Тараптар ошондой эле акыркы жылдарда ишке ашырылган жемиштүү биргелешкен иштердин жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.
Жолугушуу достук маанайда өттү.