Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун кыргыз-сауд мамилелерин чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.
«Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда жемиштүү кызматташтык уланууда. Фонддун колдоосунун аркасында саламаттыкты сактоо, транспорт, турак жай куруу жана айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тармактарында долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда», – деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад мындан ары да өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана республикада социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө көмөктөшүүгө багытталган өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин ырасташты. Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле Камбарата ГЭС-1 куруу долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Связанный пост