Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдун (Россия Федерациясы) Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-санкт-петербург эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарында, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерин талкуулашты.
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн “Россия-Кыргызстан” бизнес-диалогунун күн тартибиндеги катышуучулардын жогорку деңгээлде жана мазмундуу талкуу өткөргөнүн белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Адылбек Касымалиев маектешин ушул жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өтө турган онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференцияга катышууга чакырды.
Өз кезегинде Евгений Григорьев өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлорду, анын ичинде аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.