Адылбек Касымалиев республикалык бюджеттен Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча маалымат алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы жумуш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча жеринде маалымат алды.

Алсак МинКаб башчысы “Кара-Балта жол курулуш” муниципалдык ишканасына барды.  Бул ишканага Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун эсебинен асфальт-бетон чыгаруучу заводду куруу, жол белгилерин жасоочу жана таш майдалоочу жабдууларды алуу каралган.

Ошондой эле Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагына суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо, шаардагы сейил бактарды реконструкциялоо, иштери «Кербен» муниципалдык  базарын  түзүү, «Дан» мамлекеттик ишканасында макарон азыктарын өндүрүүнү жандандыруу, ички жолдорду оңдоо, санариптештирүү жана коомдук транспортторду сатып алуу киргизилген.
Ошондой эле МинКаб башчысы Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин базасында борбордук стадионду жана мейманкананы реконструкциялоо иштери менен таанышты. Спорт комплексин реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча курулуш иштеринин негизги түрлөрү аяктады. Курулуш иштеринин калганы — чуркоо жолунун резина каптоосу, аны асфальттын бетине орнотуунун технологиясына байланыштуу, жай мезгилинде жасалат.
Мындан тышкары МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун алкагында курулуп жаткан бала бакчага барды. Бала бакчаны курууга 89 миллион сом жумшалган.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга каражатты сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну эскертип, мерчемделген иш планды өз убагында аткарууну тапшырды.

Связанный пост