Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга барды
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга келди.
Минкаб төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген.
Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат.
Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.