Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өкүлчүлүктүн 2024-жылда аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата пландары талкууланды. Отурумдун жүрүшүндө белгиленгендей, Ош облусунда өткөн жылы 128 жаңы ишкана ачылып, 1400гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Бул ишканалардын эсебинен өнөр жай тармагында 2 млрд 545,6 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөн. 2024-жылы облус боюнча жалпысынан 20 млрд 864,4 млн сомго жакын тышкы жана ички инвестиция өздөштүрүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы 2024-жылдагы экономиканын бардык тармактары өсүш болгон оң жыйынтыктарды белгилеп, быйылкы жылга андан кем эмес амбициялуу максаттар коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 285,7 млрд сомду түздү. Маанилүү өсүш ири инфраструктуралык долбоорлорду жигердүү ишке ашыруунун эсебинен болду. Мамлекеттик капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 2,3 эсе — 8 млрд сомдон 18,2 млрд сомго чейин өстү. Мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында каржылоонун эң чоң көлөмү транспорт секторуна (бардык мамлекеттик инвестициялардын 25,4%) жана энергетика тармагына (21,2%) багытталган.

Ири масштабдагы турак-жай курулушу улантылып жатат. Мында курулушта негизги капиталга 30 млрд сомдон ашык инвестиция жумшалып, республика боюнча 12 миң 659 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Жалпысынан 8,4 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди, жалпы аянты 1 млн 086,4 миң чарчы метрди түзөт. 2024-жылы дээрлик 230 социалдык объект пайдаланууга берилди, ага республикалык бюджеттен 13 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

2024-жылы бир катар чакан ГЭСтер ишке берилип, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өнөктөштөр аныкталып, 1,5 млрд доллар каржы булагы табылганы айтылды.

Коллегия жыйынынын соңунда Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бир катар тапшырмаларды берди. Алдыга коюлган милдеттерге – бюджеттин киреше бөлүгү жана өндүрүштүн көлөмү боюнча пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу, инвесторлор үчүн жагымдуу климатты түзүү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бир райондо өнөр жай аймактарын уюштуруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор боюнча ишти активдештирүү, калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багыттоо, мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу маселелер кирди.

Связанный пост