Адылбек Касымалиев Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.
Министрлер Кабинетинин башчысы бул мамлекеттик сапар мамлекеттер аралык достук мамилелердин тарыхында жаңы барагын ачаарын баса белгиледи. «Бүгүн Сиз Президент Садыр Нургожоевич Жапаров менен биздин мамилелерди сапаттык жактан жаңы деңгээлге – ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине чыгардыңыз, ошону менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө өзгөчө тыгыз жана динамикалуу кызматташуу мүнөзүн бердиңиз. Кыргызстан менен Монголиянын элдеринин гүлдөп өсүшү үчүн биздин мамилелерибиздин жаркын келечегине ишенем. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жогору баалайбыз жана элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн жемиштүү кызматташтыкты бекемдөөгө, ишенимди арттырууга жана бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө ниеттенебиз», – деди ал.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүндөгү оң динамиканы белгиледи. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 10,2 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйдү.
Өз кезегинде Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух кыргыз тараптын меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын ортосундагы кызматташтык бул мамлекеттик сапарды уюштурууга өзгөчө мааниге ээ болгонун белгилеп, бул сапар Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достукту жана жолдошчулукту бекемдей турганын баса белгиледи. Монголиянын президенти жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болоруна ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, тоо-кен тармагы, транспорт, экология, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин да талкуулашты. Тараптар ошондой эле кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында натыйжалуу иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.