Адылбек Касымалиев: Министрлер Кабинети калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө бардык аракеттерди көрүп жатат
Министрлер Кабинети калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 2024-жылы биздин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25,7%га төмөндөгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка аз (2023-жылы – 29,8%). Бул абдан натыйжалуу көрсөткүч.
Жакырчылыкты кыскартуунун негизги фактору калктын кирешесинин көбөйүшү болду. 2024-жылы калктын жан башына акчалай кирешеси 16,5%га өскөн. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында орточо эмгек акы 42 миң 522 сомду түзүп, 20,4%га өстү.
“Пенсиялар 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатылат. Айрыкча “Социалдык келишим” программасынын алгылыктуу натыйжасын белгилей кетүү керек, анын алкагында быйыл 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлдү. Ишкерликти колдоо багытында көптөгөн иш-чаралар ишке ашырылууда. Индустриялаштыруунун алкагында өлкө боюнча 67 ишкана ачылып, аларда 6 миң жумуш оруну түзүлдү. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 159 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2024-жылдын 6 айында 55,1 миң жумуш орун түзүлгөн) 2,9 эсеге көп”, – деди Адылбек Касымалиев.