Адылбек Касымалиев менен Шандор Дороги кыргыз-венгер өнөктөштүгүн бекемдөө маселесин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үзгүлтүксүз саясий диалогдо жана экономикалык байланыштардын активдешүүдө айтылган эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Бул позитивдуу темпти сактоонун мааниси баса белгиленди.
Өзгөчө көңүл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга болгон расмий сапарына бурулду. Бул сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүдө маанилүү кадам болуп, түрдүү тармактарда мындан аркы кызматташууга бекем негиз түзөрү белгиленди.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өскөнүн белгилешип, бирок Кыргызстандын продукциясын Венгриянын рыногуна экспорттоону активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Адылбек Касымалиев «Кыргызстан Венгрияны Европага терезе катары карай турганын, ал эми Венгрия Кыргызстанды Кытайга дарбаза катары карай алаарын» белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле 2025-жылы Будапештте өтүүчү Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды, атап айтканда, алдыдагы жолугушууда өзгөчө көңүл бурууну талап кылган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары каралды.
Мындан тышкары, кыргыз жарандарынын Венгрияга эмгекмиграциясы, атап айтканда, Венгриядагы кыргызстандыктарды ишке орноштуруу жана социалдык адаптациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган иштер менен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашаарына ишенимин билдирип, көп кырдуу эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.