Адылбек Касымалиев менен Наджи Бенхассин стратегиялык өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, биргелешкен артыкчылыктуу долбоорлордун ишке ашырылышын, ошондой эле бюджеттик колдоо жана мыйзамдарды реформалоонун негизги маселелерин талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк банкка республикада жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан эл аралык каржы институтунун ишенимин жогору баалай турганын жана мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды киргизүү үчүн ачык диалогго даяр экенин баса белгиледи.
Тараптар үстүбүздөгү жылга жана орто мөөнөттүү мезгилге карата кызматташуу пландарын кеңири талкуулашты. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Наджи Бенхассин Министрлер Кабинетин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн жана өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү аймактык масштабда “өтө таасирдүү” экенин белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү Министрлер Кабинетинин фискалдык саясатты жакшыртуу боюнча чараларына жогору баа берип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жагымдуу экономикалык көрүнүштү түзүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.
“Туруктуу өсүш – бул биринчи кезекте жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу. Сиз өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда Бүткүл дүйнөлүк банктын толук колдоосуна ишене аласыз”, – деп баса белгиледи Наджи Бенхассин.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев жемиштүү кызматташтыктын уланаарына ишеним билдирди. Наджи Бенхассин Банктын Кыргыз Республикасынын улуттук өнүгүүнүн эң дымактуу программаларын ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экендигин ырастады.