Адылбек Касымалиев менен Мохамед Абдулла Аль Гергави эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин министри Мохамед Абдулла Аль Гергави менен жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Дубай шаарында дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун перспективалары талкууланды.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев туруктуу өнүгүү жана инновациялар жаатындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргызстан БАЭ менен байланышты бекемдөөгө жана экономикалык өсүшкө жана социалдык прогресске көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Анын айтымында, БАЭнин “өкмөттүк акселераторлор” программасы биздин өлкөнүн өкмөтүнүн ишин жакшыртууда өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Бул программанын алкагында 100 күндүк тармактык реформалар 7 багытта ийгиликтүү ишке ашырылган.
“Кыска убакыттын ичинде биз ондогон жылдар бою чечилбей келген жана айрым чөйрөлөрдө тоскоолдуктарды жараткан маселелерди чечүүгө жетиштик. Менин оюмча, бул программа Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан тармактык реформалардын ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Жакын арада “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында бир катар тармактык реформалардын үчүнчү этабын расмий баштайбыз. Сиздердин жеке колдооңуздардын аркасында кыргызстандыктар кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү программаларга катышууга мүмкүнчүлүк алышкандыгы кубандырат”, – деди ал.
Мохамед Абдулла Аль Гергави, өз кезегинде, БАЭ Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого берилгендигин ырастады жана ар кандай тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Ал белгилегендей, эки өлкө тең өз ара пайдалуу долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ.
Тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди белгилеп, алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга ишенимин билдиришти.