Адылбек Касымалиев менен Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Иран Ислам Республикасынын Эл аралык иштер жана аймактык кызматташтык боюнча биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди жетектеген ирандык делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин белгиледи. Ал белгилегендей, ирандык делегациянын сапары буга чейин жетишилген макулдашуулардын жүрүшүн жана кызматташуунун жаңы перспективаларын аныктоо үчүн пайдалуу болот.
Өз кезегинде Али Наджафи Хошруди Иран Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүдө, анын ичинде Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алгандан кийин чоң перспективаларды көрүп жатканын жана пландарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Иран делегациясынын башчысы кыргыз тарапты үстүбүздөгү жылдын 27-28-апрелинде өтө турган “Иран Экспо – 2025” эл аралык көргөзмөсүнө чакырды. Сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-иран биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү сунушталды.
Тараптар кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн бир катар келечектүү багыттарын белгилешти, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматта достук байланыштарды тереңдетүүгө жалпы кызыкчылыкты билдиришти.
Белгилей кетсек, ирандык делегациянын өлкөгө сапар менен келишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен 2025-жылдын 30-31-январында Алматыда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында жолугушууда жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашканын белгилей кетүү керек.